Балыкчы шаарынын коммуналдык чарбасына жаңы атайын техникалар тапшырылды
6 ноябрь

Балыкчы шаарынын коммуналдык чарбасына жаңы атайын техникалар тапшырылды

Бүгүн Балыкчы шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевдин белеги катары алынган атайын техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарада шаар турмушун жакшыртууга жана тазалыкты камсыздоого багытталган жаңы техникалар «Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык» жана «Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканаларына өткөрүлүп берилди.

Жалпы эсеп менен 36 даана заманбап атайын техника тапшырылды. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:

• 7 даана самосвал
• 2 даана манипулятор
• 5 даана суу ташуучу унаа
• 3 даана тазалоочу жана шыпыргыч унаа
• 13 даана таштанды ташуучу унаа
• 2 даана электр шыпыргыч унаа
• 2 даана автовышка
• 2 даана ассенизационалдык техника

Баардык техникалар 2025-жылы чыгарылган болуп, заманбап талаптарга жооп берет.

Жалпысынан бул максатка 100 миллион сом каражат жумшалып, Балыкчы шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө чоң салым болот деп күтүлүүдө.