«Элди ойлошубуз керек», – депутат аймактарга каттаган таксисттердин көйгөйүн көтөрдү
23-апрелде өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Бишкектен аймактарга каттаган таксисттердин унаа токтотуучу жай маселесин көтөрдү.
Анын айтымында, автобекеттер шаар четине чыгарылгандан бери эл ал жакка баргысы келбей, таксисттер борбордун ар кайсы бурчтарынан аймактарга каттап жатышат.
«7 облустун райондорунан борборго тынымсыз эл келип турат. Акыркы күндөрү региондорго кеткен таксисттер үчүн унаа токтотуучу жайлар көйгөй болуп жатыптыр. Элди ойлошубуз керек. Шаардын сыртына автобекет уюштуруп бериптир, бирок ал жакка эл барбай, азыр шаардын ар жеринен качып-качып аймактарга каттап жатышат», – деди Сарыбашов.
Депутат бул маселени Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте карап чыгып, чечүү керектигин айтып, өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылды.
Белгилей кетсек, былтыр Бишкек шаарындагы Чыгыш жана Батыш автобекеттери шаар четине чыгарылган.
