ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жаны жетекчи дайындалды
6 ноябрь

ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жаны жетекчи дайындалды

Буга чейин Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын жетекчилеринин катышуусунда коллегиялык отурум болуп өткөн. Анда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тармагындагы абал талкууланып, отурумдун жыйынтыгы менен жетекчилик курамында кадрдык өзгөртүүлөр жөнүндө чечим кабыл алынган.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп милициянын полковниги Азенбек Козукеев дайындалды.

Азенбек Козукеев буга чейин Талас облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеп, ички иштер органдарында көп жылдык тажрыйба топтогон. Ал кызматтык ишинде жогорку уюштуруучулук жөндөмүн, тартиптүүлүгүн жана натыйжалуу иш жүргүзүү жөндөмүн көрсөтүп, аймакта коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен.

Жаңы жетекчиге жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, жол-транспорт кырсыктарын азайтуу, жана «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында техникалык жана аналитикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Ошондой эле, ИИМдин жетекчилиги Азенбек Козукеевге Кыргыз Республикасынын Президентинин көрсөтмөлөрүн, ошондой эле министрликтин тапшырмаларын өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча бир катар конкреттүү багыттамалар берилди.

Министрлик коомчулукту жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого активдүү катышууга чакырат жана жаңы жетекчилик командасынын алдында бул тармактагы абалды жакшыртуу боюнча натыйжалуу иштер жүргүзүлөрүнө ишенимин билдирет.