Азыр шайлоо участкаларын 2ГИС тиркемеси аркылуу табууга болот
12 ноябрь

Азыр шайлоо участкаларын 2ГИС тиркемеси аркылуу табууга болот

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарындагы шайлоо участкаларын, ошондой эле башка шаарлардагы аралыктан добуш берүү үчүн түзүлгөн шайлоо участкаларын 2ГИС тиркемеси аркылуу табууга болоорун маалымдайт.

Эске сала кетсек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Баткен жана Талас шаарларында бирден аралыктан добуш берүү үчүн атайын шайлоо участкалары ачылган.

2ГИС тиркемеси шайлоо участкаларынын жайгашкан жерин гана эмес, ага бара турган ыңгайлуу маршруттарды да көрсөтөт. Бул шайлоо участкаларын табууга жана жайгашкан жерди туура багыттоого оңой жана ыңгайлуу болот.

Өзүнө ыңгайлуу участканы табуу үчүн, шайлоочу 2ГИС тиркемесинде «шайлоо участкалары» деген сөздү же белгилүү бир участоктун номерин жазып, керектүү участоктун жайгашкан жерин жана ага баруу жолун көрө алат. Мындан тышкары, тиркеме жөө же автоунаа менен бара турган эң ыңгайлуу маршрутту дагы сунуштайт.