ТИМ кыргызстандыктарды АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоого чакырат
20 июнь

ТИМ кыргызстандыктарды АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоого чакырат

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарынын аймагында жүргөн, ошондой эле бул өлкөгө сапарга чыгууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн жашаган өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын так сактоонун  зарылдыгына бурат.

АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан виза режиминин бузулушу, анын ичинде туристтик (B1/B2), студенттик (F, J, M) визалары боюнча мыйзам бузуу учурлары көбөйгөн.

Айрым жарандар тарабынан мындай визалык режимдин бузулушу жалпы Кыргыз Республикасынын жарандарына карата терс таасир тийгизип, бардык мекендештерге карата чектөө чараларынын киргизилишине алып келиши мүмкүн болгон тобокелдик фактору катары каралышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу, Тышкы иштер министрлиги жарандарды төмөнкүлөргө чакырат:

  • АКШда виза менен уруксат берилген мөөнөттү так сактоого;
  • уруксат берилген мөөнөт бүткөнгө чейин АКШ аймагынан чыгып кетүүгө.

Министрлик визалык режимди сактабаган учурлар терс кесепеттерди жаратып, мыйзам бузгандардын өздөрүнө гана эмес, АКШга барууну каалаган башка жарандар үчүн дагы виза алууну татаалдаштырышы мүмкүн экендигин баса белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги визалык жана миграциялык маселелер боюнча АКШ тарап менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантат.

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө чыккан учурда жоопкерчиликтүү болуп, барган өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого чакырат.