Кыргызстанда бир күндө 25 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 25 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 29 күжүрмөн эсеп тартылган.
ӨКМден билдиришкендей, анын ичинде:
- Бишкек шаарында – 5;
- Ош шаарында – 3;
- Ош облусунда – 7;
- Чүй облусунда – 6;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 3.
Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болгон жок.
