Адис: Гепатит В жана С дарты менен жабыркагандарды текшерүү жана дарылоо акысыз жүргүзүлөт
Кыргызстанда гепатиттин В жана С түрүнө эмдөө уланууда. Эмдөө акысыз жана ал адам жашаган жери боюнча каттоодо турган бейтапканаларда жасалат. Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун мониторинг жана баалоо бөлүмүнүн адиси Айбек Бекболотов билдирди.
Айтымында, гепатитти жугузуп албоонун эң натыйжалуу ыкмасы – эмдөө.
“Кыргызстанда бул жаңычылык эмес, 2001-жылдан бери төрөлгөн балдарга улуттук эмдөө календарынын негизинде төрөтканалардан эле гепатитке каршы биринчи эмдөө жасалган. Ошондо, азыр 24 жашка чейинки жарандар, балдардын 90 пайызы эмделген. Ал эми он пайызы ар кандай себептерден улам эмделбей калган”, – деди ал.
Ал белгилегендей, 2023-жылга чейин өлкөдө аталган дарттарга кабылган жарандар өз алдынча акы төлөө жолу менен текшерүүдөн өтүп, дарыланып келишкен. 2023-жылы өзгөртүү кирип, алардын баары мамлекеттен каржыланып баштаган.
“Ооруга кабылгандар жеке лабораториядан текшерүүдөн өздөрү өтүп, анан кымбат дары-дармектерди сатып алып дарыланып жүрүшкөн. Оору аныкталгандан кийин ПЦР-тесттен өтүүгө тийиш, бул жеке менчик лабораторияларда 5-10 миң сом турат. 2023-жылдан тартып мамлекеттин колдоосу жана каржылоосунун негизинде баары акысыз болуп калды. Анын ичинде тестирлөө, анализ тапшыруу, дары-дармектер, ПЦР-анализ бар. С түрүнө кабылгандар 3 ай дары ичип, айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү 95 пайыз. В түрүнө болсо оорунун активдүүлүгүнө жараша дары берилет. Андан толук айыгып кетүү мүмкүн эмес, ошондуктан айрым дарыларды өмүр бою ичүүгө туура келет”, – деди адис.
Айтымында, ооруну алдын алуу жолдорунун дагы бири – бул ийне саюу, хижама, татуировка, маникюр жасатууда стерилдүү жабдыктарды талап кылуу. Бирок мындай коркунучка кабылган учурда да оору менен ооруп калбоонун башкы жолу – эмдөөдөн өтүү. Эмделген адамга вирус жукпайт.
Айбек Бекболотов учурда Кыргызстанда 18 жаштан жогорку курактагы жарандар арасында гепатиттин Б түрү менен ооругандар 3 пайызды, ал эми С түрүнө кабылгандар 2 пайызды түзөөрүн, бул болжол менен 100 миң адамды билдирерин кошумчалады.
