Эксперт: “Бул жолку парламенттик шайлоого акчасы жок, бирок абройу барлар да аттанышты”
КР БШКнын мурдагы мүчөсү Жаркын Бапанова “Биринчи радионун” түз эфиринде Кыргызстанда шайлоо жаңы нукка түшкөнүн жана мурдагыдай азыр добуштарды сатып алат, ашыкча бюллетень салынат, фальсификация болот деген күмөн саноого негиз жоктугун айтты.
“Шайлоо боюнча мыйзамдар өзгөртүлдү, шайлоону ачык, таза өткөрүүгө БШК абдан аракеттенип жатат. Азыр добуштардын жыйынтыгын бурмалоого мүмкүнчүлүк жок. Бул шайлоодо баарын шайлоочулардын активдүүлүгү жана алардын туура талапкерди тандай билүү көрөгөчтүгү гана чечет. Буга чейин шайлоочулар шайлоого келбей коюп, катышуу 30-40 пайыз гана болуп калган учурлар болот. Бул сапар андай болбойт деп ишенем”, – деди ал.
Бапанова БШК арыз берүүчүлөрдү кылдат изилдеп, соттуулугу бар же күмөн өткөнү барларды талапкерликке каттабай жатканын кошумчалады.
Ал добуш сатып алууга катаал чара көрүлөөрү жарыялангандан тартып, акчасы жок, бирок абройу барлар дагы ат салышууга мүмкүнчүлүк алганын билдирди.
