Кыргызстанда кайрадан жер титирөө катталды
31 март

Кыргызстанда кайрадан жер титирөө катталды

Кыргызстанда кайрадан жер титирөө катталды, деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Алдын ала маалымат боюнча, ЦАИИЗдин Сейсмикалык эскертүү системасынын кабарлоосуна ылайык, жер титирөө бүгүн, 31-мартта болжол менен саат 13:25те Нарын облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4.5 баллга жеткен.

Жер титирөө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Карагай-Булак айылында 3,5 балл, Бишкек шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Учурда жер-жерлерде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.