«Түндүк» тиркемеси бир жылдан кийин эң алдыңкы санариптик сервиске айланат — Туманбаев
Учурда «Түндүк» тиркемесин өркүндөтүү боюнча ири иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармасы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, бир жылдан кийин тиркеме жарандар үчүн эң алдыңкы санариптик сервиске айланат.
«Санариптештирүү – мамлекеттин өнүгүүсү үчүн стратегиялык зарылчылык. Ал бюрократияны кыскартып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү ыкчам жана жеткиликтүү кылууга багытталган. Ар бир мекеме заманбап санариптик талаптарга ылайык иш алып барышы керек, биз болсо, бул үчүн бардык шарттарды түзүп жатабыз», – деди ал.
Ал «Түндүк» жаңылануусу мамлекеттик кызматтарды бириктирген бирдиктүү платформаны түзүүгө чоң кадам болуп саналарын билдирди.
«Бул жараян убактылуу кыйынчылыктарды жаратса да, анын жыйынтыгы жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Тиркемени иштеп чыгуу президенттин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жүктөлгөн. Бул уюм жарандар үчүн натыйжалуу санариптик чечимдерди иштеп чыгууга жана мобилдик сервистердин туруктуу иштешин камсыздоого жооптуу», – деп кошумчалады Туманбаев.
