Ак-Суу районунун Жергез айылында жаңы почта имараты пайдаланууга берилди
20 июнь

Ак-Суу районунун Жергез айылында жаңы почта имараты пайдаланууга берилди

Ак-Суу районунун Жергез айылында бүгүн, 20-июнда жаңы почта имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн кабарлашты 

Иш-чарага “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев, КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков, Ак-Суу районунун акими Канат Калдаралиев, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

1970-жылдары курулган эски имарат жараксыз абалга келип, заманбап талаптарга жооп бербей калган.

Жаңы имараттын курулушу ушул жылдын 4-апрелинде башталып, 16-июнда жыйынтыкталды.

Жалпысынан курулушка 2 миллион 848 миң сомдон ашуун каражат жумшалган. Анын ичинен 1 552 300 сому Ак-Суу районун өнүктүрүү фондунан, 1 296 131 сому Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан каржыланган.