Республика аймагында «Нелегел» рейди өткөрүлүүдө
23 апрель

Республика аймагында «Нелегел» рейди өткөрүлүүдө

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан "Нелегал "аталышындагы ыкчам-алдын алуу жана издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз келген чет өлкөлүк жарандардын агымын жана алардын эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруусун көзөмөлдөөгө багытталган. Ошондой эле мыйзамсыз мигранттарды аныктоо жана миграциялык багыттарда трансулуттук-уюшкан кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюу, чет өлкөлүк фирмалардын, коомдук жана диний чет өлкөлүк миссиялардын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдарды кармоо.

22-апрелдеги рейд учурунда Бишкек шаарынын аймагында 10го жакын мекеме жана чакан  ишканалар текшерилген. Анын ичинде уруксат кагаздары жок мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактабай, тартиб бузган 50гө жакын чет өлкөлүк жаран аныкталган. Аларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин талаптарына ылайык (чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартибти, эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруунун же транзит менен өтүүнүн эрежелерин бузгандыгы) административдик протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 275 000 сомдук айып тагылган.

Чет өлкөлүктөргө тышкы миграция чөйрөсүндөгү укук бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйруктар тапшырылды, ошондой эле аталган жазма буйрук аткарылбаган учурда алар Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарыла тургандыгы (депортация)  жөнүндө эскертилди.