Ар бир төрөтканада БАБЛ-СИПАП  
7 июль

Ар бир төрөтканада БАБЛ-СИПАП  

Кыргызстандагы төрөтканаларда барган сайын электр тармагына туташтырууну талап кылбаган жана ымыркайларга алгачкы дем алууга жардам берген компакттуу Бабл-СИПАП аппараттары көбүрөөк кездеше баштады. Акыркы эки жылда «Эл-Ди-Эс Черитиз» фонду республиканын медицина кызматкерлерине ушундай 70 жабдуу берди, бүгүнкү күндө алардын баары дээрлик бардык райондук ооруканаларда иштеп жатат. Бирок техника – бул фонддун 2018-жылдан бери КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Неонатологдор ассоциацясы менен биргеликте жасап жаткан иштеринин бир бөлүгү гана.

Аталган ассоциациянын аткаруучу директору Сагынбү Абдувалиева белгилегендей, долбоорлордун ийгилиги жабдуулардын саны менен эмес, а персоналдын оор кырдаалда аракет кылуу жөндөмү менен өлчөнөт.

“Бабл-СИПАП пайдаланууга оңой – акушерлер ишенимдүү иштетип жатышат. Бул неонатологдор жана реаниматологдор күнү-түнү кезметте турбаган төрөтканалар үчүн куткаруучу болуп берүүдө, көпчүлүк облустарда жана алыскы райондордо мындай мекемелер көп кездешет”, – деди ал.

Аппарат төрөт залында, интенсивдик терапия палаталарында жана ымыркайларды башка жакка жеткирүү маалында алмаштырылгыс мааниге ээ. Жалгыз талап – кислород берүү. Так ушундай жеткиликтүүлүк аны дем алуу көйгөйлөрү менен төрөлгөн ымыркайларды сактап калууда натыйжалуу куралга айлантат.

Жабдуулар менен катар «Эл-Ди-Эс Черитиз» окутуу программасын да баштады. Бишкек шаардык перинаталдык борборунда жума сайын ымыркайларды алгачкы реанимациялоо жана өзгөчө перинаталдык жардам боюнча тренингдер өткөрүлөт. Дарыгерлер жана медайымдар оор абалдагы ымыркайдай көрүнгөн манекендерде көндүмдөрүн бышыкташат.

"Көптөгөн өлкөлөрдө бригада кезметке туруу алдында мындай инструктаждардан сөзсүз өтүшөт. Биз дагы бул практиканы акырындык менен киргизип жатабыз", – дейт Абдувалиева.

Орто медициналык кызматкерлерди, тагыраак айтканда, маалына жетпей жана оорукчан төрөлгөн ымыркайларга кам көрүү иштеринин 80 пайызын аткарган неонаталдык медайымдарды окутууга өзгөчө көңүл бурулат. Ошондуктан, бул стандарттар медициналык колледждердин программаларына киргизилген, мында келечектеги адистер студенттик курагында эле көндүмдөрдү өздөштүрүшөт.

Абдувалиеванын айтымында, фонд менен кызматташуу Бишкекте, Чүй облусунда, андан кийин Нарын жана Жалал-Абад облустарында реанимациялык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзүүгө багытталган долбоорлордон башталган. Бүгүнкү күндө эң натыйжалуу багыт болуп респиратордук колдоо саналат.

«Бала дем ала албай калса же кыйналып дем алса, ар бир секунд чечүүчү мааниге ээ. Дем алууну өз убагында калыбына келтирүү реанимациянын негизги элементи. Ал эми бул аппараттардын жана окутуунун аркасында биз тобокелдиктердин реалдуу төмөндөшүн көрүп жатабыз», – деп баса белгиледи ал.

Фонд белгилегендей, жабдууларга жана окутууга салынган каражаттар келечек үчүн иштейт. Аны менен кичинекей бейтаптардын өмүрү гана сакталбастан, жашоолорунун да сапаты жакшырат.