Камила Талиева Камчыбек Ташиевди «Кыргызстандын баатыры» деп атады
23 апрель

Камила Талиева Камчыбек Ташиевди «Кыргызстандын баатыры» деп атады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, ондогон аксакалдар Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирип, аны парламентте да жарыялап коюуну өтүнүшкөн.

«Кыргызстан баатыры, патриот жигитке ондогон аксакалдар ыраазычылык билдирип, муну парламентте жарыялоосун өтүнүштү», – деди Талиева.

Ал ошондой эле өткөн жумада Ташиевдин Баткен облусуна болгон сапары өлкө үчүн маанилүү окуя болгонун белгиледи:

«Ал барып, жергиликтүү эл менен жолугуп, аларга дем берип, чек араны тактоо иштери башталганын кабарлады. Бул менин өзүмдү жана чогулган элди абдан кубантты. Эми Кыргызстан эгемендүү өлкө деп так айта алабыз», – деп кошумчалады депутат.