Наркомандардын өлкөсүнө айланабызбы? Депутат ар бир жарандан синтетикалык наркотикага анализ алууну сунуштады
20 июнь

Наркомандардын өлкөсүнө айланабызбы? Депутат ар бир жарандан синтетикалык наркотикага анализ алууну сунуштады

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев өлкөнүн ар бир тургунунан синтетикалык наркотикке карата анализ алууну сунуштады. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында айтты.

“Барган сайын синтетикалык наркотика кооптуу болуп баратат. Жаштар абдан көп берилишүүдө. Мурда чоң-чоң шаарларда болсо, азыр айылдарга чейин жетти. Ошол жактарда сатылып, колдонулуп баштады. Кол куушуруп отура бергенибиз болбойт, бир жолун табышыбыз керек – лаборатория ачып, ар бир жарандан, мейли, ал студент же окуучу болсун тест алалы. Ал турмак мамлекеттик кызматкерлерден дагы. Синтетикалык наркотика колдонгондордун алаксытуучу ыкмасы бар экен – артынан спирттик ичимдиктерди ичип коюшат, ошону менен билинбей калат”, – деди депутат. 

Ал эгерде бул терс көрүнүштү бүгүн токтотууга аракет кылбасак, эртең наркомандардын өлкөсүнө айланып кетүү коркунучу да жок эместигин белгиледи. 

“Бүгүн жасап жаткан иштерибиз келечек үчүн. Азыр эч нерсе кылбасак, анда 10-15 жылдан кийин бул маселе мындан да тереңдейт. Мамлекеттик кимге калтырабыз? Наркомандаргабы? Ар бир үй-бүлөгө, ата-энеге жеткирип, ар бир жаранды тест тапшырууга милдеттүү кылууга тийишпиз”, – деди Кыдыкбаев. 

Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев ар бир жарандан тест алуу мүмкүн эместигин билдирди. Бирок айтымында, учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги Россия менен биргеликте бир долбоорду иштеп чыгууда. Анда мектептердеги саркынды суулардан анализ алып, синтетикалык наркотиктин курамын табууга болот. 

“Ушундай жол менен абалы эң начар мектептерди таап, ошолорго көңүл бура алабыз, ИИМ тарабынан текшерүү жүргүзүлсө болот. Синтетикалык наркотика колдонгон шартта, анын курамы саркынды суулардан аныкталат. Ошондой кылбасак, ар бир жарандан анализ ала албайбыз”, - деди министр.