«Тундук»  мобилдик тиркемеси жаңыланат
31 март

«Тундук» мобилдик тиркемеси жаңыланат

«Тундук» мобилдик тиркемеси жакын арада толугу менен жаңыланат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов

«Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мобилдик тиркеменин дизайн жана архитектурасы өзгөртүлүп, көптөгөн жаңы функцияларды кошуу пландалууда.

«Биз колдонуучулар үчүн ыңгайлуу, заманбап жана туруктуу интерфейс түзүүнү максат кылабыз. Жаңыланган версияда жаңы финансы кызматтары, ошондой эле мамлекеттик кызматтарга мобилдик тиркеме аркылуу жетүүгө мүмкүнчүлүк болот. Колдонуучулардын санариптик документтерди алуусуна, мамлекеттик органдар менен иштешүүсүнө шарт түзүлөт», – деди Азамат Жамангулов.

Мындан тышкары, министр тиркемеге жаңы санариптик документтер, мисалы, аттестаттар, дипломдор, аскер билеттери жана башка керектүү документтер кошуларын белгиледи. Бул чечим башка мамлекеттик органдар менен биргеликте иштелип чыккан.

«Өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу учурунда айрым убактылуу кыйынчылыктар болушу мүмкүн, бирок биз жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн тиркеменин иштешине чоң жылыш алып келерине ишенебиз» – деп кошумчалады ал.

Жамангулов өзгөртүүлөр акырындык менен киргизилип, идеалдуу версиясын түзүү үчүн бир жылдан ашык убакыт талап кылынарын айтты.