Башкы прокурор Ноокенде зордукталган майып кыздын апасы менен жолугушту
2024-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.Асаналиев Жалал-Абад областынын тургундары менен жолугушуу өткөрүп, жарандардын көйгөйлөрүн жеринде угуп, алардын арыз-даттанууларын кабыл алды.
Жолугушуу учурунда тургундар негизинен жер маселелери, майыптардын жана балдардын укуктарынын бузулушу, мамлекеттик мекемелердеги мыйзам бузуулар жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү боюнча кайрылышты. Башкы прокурор ар бир маселе мыйзам чегинде каралып, тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи. Жарандардын айрым маселелери жолугушуу учурунда эле чечилсе, калгандары каттоого алынып, тиешелүү органдарга тапшырылды.
Мындан сырткары, Башкы прокурор М.Асаналиев коомчулукта резонанс жараткан Ноокендеги майыптыгы бар кыздын зордукталышы боюнча жабырлануучунун энесин кабыл алды. Жолугушууда Башкы прокурор бул иш аягына чейин көзөмөлүндө болоорун, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде сөзсүз жоопко тартыларын убадалады.
Иш сапардын жүрүшүндө, Башкы прокурор областтын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин иштөө шарттары, прокуратура органдарынын административдик имараттарынын абалдары жана кызматкерлердин турак жай шарттары менен таанышты. Ошондой эле, кызматкерлерге коюлган кызматтык милдеттерин жогорку денгээлде аткаруу менен жарандардын ар бир кайрылууларын кылдаттык менен карап, баш мыйзамда кепилденген адам укуктарынын сакталышына жана мыйзам бузуучулуктарды алдын алууга прокурордук көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды.