73 жаштагы карыя Баткенден Бишкекке 22 күндө жөө басып келди
5 декабрь

73 жаштагы карыя Баткенден Бишкекке 22 күндө жөө басып келди

Баткен районунун 73 жаштагы тургуну Абдыбакир Имаров Баткен шаарынан Бишкекке чейин жөө жүрүш жасады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Карыя үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында Баткенден жөнөп, 22 күн дегенде, тактап айтканда, 5-декабрда Бишкекке жеткен. 

Баткендик ата Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата жөө жүрүш жасаган. 

"А.Имаров аба ырайынын суугуна, жаш өзгөчөлүгүнө карабай, 1000 чакырымга жөө чыккан жүрүшүнүн максаты - кыргыз элинин баатырдыгын даңазалоо, жарандарды сергек жана бакубат жашоого үндөө", - деп айтылат маалыматта.