Жалал-Абадда көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды 
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
30 июль

Жалал-Абадда көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды 

Манас шаарында бүгүн, 30-июлда Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев көп балалуу энелерге Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктарын – “Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалдарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Салтанаттуу аземде облус башчысы энелерди мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болушу менен куттуктап, алардын үй-бүлөнү бекемдөөдө, келечек муунду тарбиялоодогу орду өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Облус башчысы ошондой эле быйыл 1-январдан тартып бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн “Бала Береке” бир жолку төлөмү киргизилгенин, ал эми 1-августтан тартып үч жашка чейинки балдар үчүн “Бала ырысы” мамлекеттик колдоо программасы ишке кирерин маалымдап, бул чаралар үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, быйыл президенттин жарлыгы менен өлкө боюнча 2068 көп балалуу эне мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болду. Анын ичинен Жалал-Абад облусунан 235 эне “Баатыр эне” ордени, 120 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланды.

Бүгүнкү аземге Манас шаарынан, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунан келген сыйлык ээлери катышты. Ал эми алыскы район, шаарларда жашаган энелерге мамлекеттик сыйлыктар жеринде тапшырылат.

Иш-чарада “Токтосун Тыныбеков” атындагы облустук филармониянын чыгармачыл жамааты тарабынан концерттик программа тартууланды.