Араванда №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты ачылды 
19 март

Араванда №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты ачылды 

Ош облусунун Араван районуна караштуу Достук айыл аймагында жайгашкан Араван райондук жалпы дарыгердик практикалык борборунун №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. 

Мекеменин жаңы имаратынын курулуш иштери 2024-жылы башталган. Курулушка АРИС тарабынан 12 млн сом жана Достук айыл өкмөтү тарабынан 1 млн 800 миң сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жалпы 20 миң 231 жаранды тейлейт.