Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
19 март

Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. 

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 19-мартта саат 19:16да катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Талаа районунун Кара-Ой, Кадыралы, Жаңы-Талап айылдарында 4 баллга, Ак-Кыя айылында 3,5 балл, Баетов айылында 3 балл жана Нарын районунун Учкун, Ак-Кудук, Восьмое марта айылдарында 3,5 баллга чейин (Кара-Ой айылынан 7 чакырым түндүк чыгышка, Кадыралы айылынан 9 чакырым түндүк батышка) чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.