Бишкекте башаламан соодага каршы күрөшүү чаралары күчөтүлдү
Жаңы жылды майрамдоонун алдында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Ала-Тоо аянтында, Панфилов паркында, Чүй проспектисинде жана башка эл көп чогулган жерлерде башаламан сооданы жоюу боюнча чараларды күчөттү.
Соода эрежелерин бузгандыгы үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган соодагерлерге протоколдор түзүлөт. Жалпысынан 224 000 сомго 68 протокол түзүлүп, борбордук аянттын аймагында 18 000 сомго 6 протокол түзүлдү.
Панфилов атындагы сейил багында электр тармагы уруксатсыз кошулган. Мыйзамсыз тартылган зымдар алынды.
Мындан тышкары, «ГУМ» жана «ЦУМ» соода борборунун аймагында күзөт иштери күчөтүлдү. Ал жерде 9 миң сомго 3 протокол түзүлгөн. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкек мэриясы жаңы жылдык пиротехникалык каражаттарды сатып алууда жана колдонууда сак болууну эскертет.
Мындай буюмдарды сатуу атайы соода түйүндөрүндө гана мүмкүн, анткени бул башкалар үчүн кооптуу продукт болуп саналат. Бардык пиротехникалык буюмдар сертификациядан өтүшү керек.
Белгисиз жерлерде соода кылгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык 3 000 сомдон - 13 000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.