Тору-Айгыр айылында ичүүчү суу менен камсыздоо системасы жаңыланууда
20 июнь

Тору-Айгыр айылында ичүүчү суу менен камсыздоо системасы жаңыланууда

Республикалык бюджеттин тарабынан “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржыланып жаткан инфраструктуралык долбоордун алкагында Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында ичүүчү суу менен камсыздоо системасын жаңылоо боюнча курулуш-монтаж иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө РЕ-100 75*4,5 мм пластик суу түтүктөрүнүн 4 850 метри монтаждалып бүттү.

Мындан тышкары, айыл ичиндеги ичүүчү суу түтүктөрүн тартуу боюнча иштер улантылып, суу кудуктары орнотулууда. Ошондой эле суу сактагыч кампасынын (резервуардын) орду даярдалып, тиешелүү курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери жалпы 30%га аткарылды. Долбоорду 2025-жылдын аягында толук аяктоо пландалууда.