Чечейбаев: Бүгүнкү жаш балдар бой жеткенде гепатит В жеңилет
Өлкө боюнча В гепатитине каршы эмдөө 2023-жылдан бери жүрүп жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдирди.
“Дарылоого караганда оорунун алдын алуу натыйжалуу. Алдын алуунун эң маанилүү ыкмасы – эмдөө. Кыргызстанда В гепатитине каршы эмдөө толугу менен 2023-жылы киргизилген. Бул эмнени билдирет? Азыркы жаш балдар, өспүрүмдөр бул оору менен оорубай калышат. Вакцина албаган улуу муунду да камтууга аракеттенүүдөбүз, аларды саламаттыкты сактоо мекемелерине келип, эмдөөдөн өтүүгө чакырабыз”, – деди министр.
Ал мамлекеттик лабораториялар жеке лабораториялардан артта калганын белгиледи. Ошондуктан, министрдин айтымында, беш жыл мурда борборлоштурулган мамлекеттик лабораторияларды куруу планы иштелип чыгып, учурда ал реализациялоонун алдында турат.
“Азия өнүктүрүү банкынын жардамы менен 6 мамлекеттик лабораториянын, 11 диагностикалык борбордун имараттарын оңдоо, лабораториялык заманбап жабдыктарды камсыздоо жана кадрларды окутуу иштери жасалып жатат”, – деди ал.
