Эльчибек Джантаев Араван районунда сугат мезгилине көрүлгөн даярдыктар менен таанышты
19 март

Эльчибек Джантаев Араван районунда сугат мезгилине көрүлгөн даярдыктар менен таанышты

Бүгүн 19-март күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Араван районуна иш сапар менен барып, сугат мезгилине көрүлгөн даярдыктар менен таанышты.

Алгач облус жетекчиси Достук айыл аймагындагы “Мазар-Арык” каналын тазалоо, оңдоо жана Араван-Сай дарыясын жээктерин бекемдөө боюнча алып барылган иштер менен таанышып, аткарылган иштер тууралуу маалымат алды. Ошондой эле ал Найман суу сактагычындагы абал боюнча сурап, сугат суу мезгилинде дыйкандарга үзгүлтүксүз суу жеткирүү жана сууну туура пайдалануу боюнча азыртадан иш алып баруу багытында тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырма берип, андагы жаралган көйгөйлөрдү бат чечүүнү тапшырды.

Андан соң облус башчысы Дөбө-Коргон айыл аймагына барып, “Дружба” насостук бекети менен таанышты. «Түштүк-Фергана» каналынан суу алып, «Мовий-Дарья» СПАсына суу жеткирүү кызматын аткарып жаткан насостук бекет азыр талапка ылайык иштеп жатат.

Бекет 120 гектар аянтты сугат суу менен камсыздайт. Бирок мында иштеген I-агрегат менен резервдик агрегат эскирип, техникалык абалы канааттандырарлык эмес. Насостук бекеттин 1200 метр аралыктагы суу түтүгүн алмаштыруу зарыл.

Бул маселени чечүү жана кошумча каражат бөлүү үчүн мамлекеттик иш-планга киргизилген жана долбоорлоо иштери боюнча тендер жарыяланган. Ошого карабай облус башчысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн маселени чечүүгө көмөктөшүүгө чакырып, бир катар тапшырмаларды берди.

Айта кетсек, бүгүнкү күндө Араван району боюнча жалпы 7020 чакырым арык, 360 чакырым канал тазаланган.