Кыргызстанда 3 миңден ашуун дарыгердин жана медайымдын орду бош
Кыргызстанда саламаттыкты сактоо жааты кадрларга муктаж. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдирди.
Айтымында, өлкөдө 100 миң калкка 18,2 дарыгер туура келет. Бул көрсөткүчтү коңшу – Казакстан, Өзбекстан жана Грузия мамлекеттери менен салыштыра турган болсок, ал жакта 10 миң калкка 40-45 пайыз дарыгер туура келет.
“Географиялык жактан караганда да дисбаланс бар – медайым эң жакшы жетиштүү аймак Баткен облусу, ал жакта 10 миң калкка 61 медайым туура келет. Эң начары – Бишкек, 28 медайым. Дарыгерлер да орточо эсеп менен алганда 10 миң калкка 10-11 доктур. Бул аябай төмөн көрсөткүч”, – деди министр.
Чечейбаев белгилегендей, ооруканаларда 3 686 дарыгердин орду бош. Штат боюнча 11 659 дарыгер керек болсо, учурда 7 970 дарыгер иштеп жатат. Поликлиникаларда да ушул көрүнүш – 1 675 дарыгер жана 3 миңге жакын медайым жетишпейт.
