Ош:   Озгур айылында тротуарларды куруу үчүн мыйзамсыз курулуштар буздурулат
31 март

Ош: Озгур айылында тротуарларды куруу үчүн мыйзамсыз курулуштар буздурулат

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таң эрте менен кезектеги рейддик кыдырууга чыгып, Озгур айылындагы жолдордун абалын көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Кыдыруу учурунда калаа башчысы тиешелүү кызматтарга кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды бузуп, курулушу токтоп калган объектилердин (мектеп, бала бакча) курулуш жумуштарын кайра жандандыруу боюнча тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, сел коркунучу бар аймактарга жакын болгон жерде алдын алуу иштерин жүргүзүүнү тапшырды.