Бишкекте кыргыз-индия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сылык иш сапары менен келген Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядавды кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде билим берүү, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Тараптар ар кандай деңгээлдеги үзгүлтүксүз диалогду улантууга жана Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы салттуу достуктун жана өнөктөштүктүн духунда өз ара пайдалуу демилгелерди өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.
