Индиянын түндүгүндө теракт болуп, 30га жакын адам мерт кетти
23 апрель

Индиянын түндүгүндө теракт болуп, 30га жакын адам мерт кетти

Индиянын түндүгүндө теракт болуп, кеминде 28 адам мерт кетти, деп The Hindu гезити өкмөттүк булактарга таянуу менен билдирди.

Ал эми жергиликтүү өкмөттүн башчысы Омар Абдулла набыт болгондордун саны боюнча азырынча расмий так маалымат жок экенин белгиледи.

Аймакта антитеррордук операция жүргүзүлүүдө.

Кол салуу туристтер көп чогулган Пахалгам шаарында болгон. Жанкечитердин тобу адамдарга карай ок чыгарган.

"Бул акыркы жылдардагы жарандарга жасалган эң чоң кол салуу", деп жазды Абдулла социалдык тармактарда.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Пахалгамдагы кол салууну катуу айыптап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.