Шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча издөөдө жүргөн талапкердин жакындары кармалды
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан шайлоодо талапкерлердин биринин атынан добуш сатып алууну уюштурган жеке адамдардын тобунун мыйзамсыз аракеттеринин бети ачылып, токтотулду.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөөдө аныкталгандай, пара берүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Л.А.нын жакын туугандары тарабынан уюштурулган.
1988-жылы туулган кызы С.И.
1998-жылы туулган жээни Ш.Т.
Тергөөнүн жүрүшүндө шайлоочуларды кийин сатып алуу үчүн 360 миң сом которулганы документ менен тастыкталган. Акчаны алгандан кийин алар паракорчулук схеманы кантип ишке ашыруу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берип, мындан аркы иштөө үчүн шайлоочулардын тизмесин алышкан.
2025-жылдын 26-ноябрында С.И. жана Ш.Т. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгү менен сыртынан айып тагылып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, аларга издөө жарыяланган.
Көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүлөр С.И., Ш.Т. кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 2025-жылдын 23-декабрына чейин тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөргө карата КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде (Бишкек шаарынын №1 СИЗОсунда) камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
ндан кийин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына берилген сунуштун негизинде депутаттыкка талапкер Л. А бир добуштан кабыл алынган чечим менен шайлоодон четтетилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда. Добуштарды сатып алуу схемасын уюштурууга жана ага катышкан башка адамдар аныкталууда.
