Учкун кичи районунда жылуулук түтүктөрү алмаштырылууда
23 апрель

Учкун кичи районунда жылуулук түтүктөрү алмаштырылууда

2025–2026-жылдардагы жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү иштеринин алкагында бүгүн, 23-апрелде «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы Учкун кичи районунда эскирген жылуулук түтүктөрдү алмаштыруу боюнча иштерин баштады.

Мэриядан кабарлашкандай, оңдоо иштери Садовая көчөсү менен Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде жүргүзүлүүдө.

Долбоордун алкагында 1994-жылы колдонууга берилген жана кызмат мөөнөтүн толук өтөп бүткөн, диаметри 377 мм болгон түтүктөр алмаштырылууда.

Аталган иш-чаралар алдыдагы күз-кыш  мезгилинде жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана авариялык кырдаалдардын алдын алуу максатында аткарылууда.