62 миллион сомдон ашык бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
19 март

62 миллион сомдон ашык бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жеке адамдарга мыйзамсыз берилген Ош шаарындагы баасы 62 миллион сомдон ашкан, жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. 

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тармагында одоно мыйзам бузуу фактылары аныкталганы мурда маалымдалган. Жер мамилелерин жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын ишинде одоно мыйзам бузуулар орун алган.

Тактап айтканда, Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги жер тилкеси 2023-жылы жеке менчикке мыйзамсыз берилип, мамлекетке олуттуу зыян келтирилген. Көз карандысыз адистердин баалоосуна ылайык, аянты 700 чарчы метр болгон бул жер аянтынын баасы 62 300 000 сомдон жогору болгон. Ал эми, аталган жер аянтынын жаңы ээси, жерди унаа токтотуу үчүн пайдаланып келген. 

Аталган факт боюнча 2023-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. 

Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, тергөө жыйынтыгы менен жазык иши соттук кароого жөнөтүлгөн. Бул мыйзамсыз берилген жер тилкесин мамлекетке кайтаруу боюнча доо талаптары толугу менен канааттандырылып, Ош облусунун административдик сотунун 2025-жылдын 20-январындагы чечими менен баасы 62 миллион 300 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке  кайтарылды.