Улуттук банк кезектеги алдамчылык схема пайда болгонун эскертет
Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги алдамчылык схема пайда болгонун эскертет.
Жалпы маалымат каражаттарында жаңы алдамчылык схема жайылууда: шылуундар жакын досторунун таанышы катары чалышып, ошондой эле Улуттук банктын жана укук коргоо органдарынын атын жамынып, мүлкү абийирсиз риэлторлордун колуна түштү, деген шылтоо менен жарандардын акчасын жана үйүлөрүн тартып алышууда.
Буга байланыштуу, Улуттук банк эч качан акча которуу өтүнүч менен жарандарга чалбайт, мессенджерлер аркылуу кызматкерлердин күбөлүктөрүн жана башка расмий документтерди жөнөтпөйт, ошондой эле физикалык жактарды тейлебейт.
"Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиз жана эч убакта чоочун адамдарга акчаңызды которбоңуз. Эгер күмөн саноолор болсо, анда сүйлөшүүнү дароо токтотуп, мүмкүн болсо, маалыматтарды расмий булактардан текшериңиз. Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болуп калганыңызды түшүнсөңүз, банк картасын бөгөттөө үчүн сизди тейлеген коммерциялык банкка тезинен кайрылыңыз, ошондой эле укук коргоо органдарына арыз бериңиз", - деп айтылат маалыматта.
Улуттук банктын коомдук кабылдамасынын номери: (312) 61-04-86.
