Бир электробус – 200 миң евро. Депутат троллейбусту, а мэрия электробусту мактоодо
2 июнь

Бир электробус – 200 миң евро. Депутат троллейбусту, а мэрия электробусту мактоодо

Депутат Жылдыз Садырбаева дүйнөдөгү эң экологиялык жана үнөмдүү транспорт каражаты болгон троллейбусту “чануу” эмне себептен болуп жатканына кызыкты. 

Ал ЖК эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамис Алиевге кайрылды. 

“Электробус сатып алабыз деп жатасыңар. Бир электробус канча турат? Эмнеге троллейбуска басым жасабай жатасыңар?” – деди ал. 

Рамис Алиевдин айтымында, 1 электробус 200 миң доллардын тегерегинде. Баасы узундугуна жараша өзгөрөт – 8 метрлик, 10, 11 жана 12 метрлик электробустар бар, ошондой эле комплектациясы каралат, мисалы, кондиционери. Бишкекке сатылып алынган акыркы электробус 218 миң еврого айланган. 

Депутат бул өтө чоң сумма экенин белгиледи. Ошондой эле Бишкектеги электробустарда кондиционер бары-жогуна кызыкты. 

Алиевдин айтымында, Бишкекте учурда 120 электробус жүрүүдө жана анын баарында кондиционер бар. 

“Эмнеге электробус сатып алалы дедиңер. Троллейбус жакшы эмеспи, арзаныраак жана иштөө мөөнөтү көп. Электробустардын батареясы саат 6.00дөн 20.00гө чейин гана иштей алат. Батареясын алмаштыруу да кымбат. Мөөнөтү бүткөндөн кийин аны утилизациялоо дагы көп чыгымды талап кылат. Экономикалык жактан пайдасыз. Батареясын түнү менен заряддаш керек. Силердин логикаңарды түшүнбөй жатам”, – деди Садырбаева. 

Алиев логика түшүнүктүү экенин жана ал тиешелүү документтер менен тастыкталганын айтты. 

Айтымында, Бишкек таза асман болсун деп троллейбустан баш тарткан. Андан сырткары троллейбус тармактарынын техникалык абалы эскирген. 

“Электробустарды заряддоо 700 сомдой болот. Башка дизелдерге салыштырсак, аларга 4 миңдей каражат кетет”, – деди Алиев. 

Айтымында, электробустардын батареясы 7 жылдан кийин жарактан чыгат. Бирок биринчи жолкусунда келишимдин негизинде жеткирүүчү тарап батареяны утилизациялайт жана жаңысын орноштуруп берет. 

Депутат Садырбаева баары бир троллейбус эң пайдалуу жана чыгашасы аз транспорт деген пикиринен баш тарткан жок.