Жол инспекторлору Нооруз майрамы учурунда күчөтүлгөн тартипте иштейт
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Нооруз майрамы учурунда күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
Башкармалыктан кабарлашкандай, бүгүн башкы башкармалыктын жетекчилиги тарабынан алдыдагы жаз майрамы учурунда коомдук коопсуздукту сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча саптык кароо өткөрүлдү.
Анда кызматкерлердин сырткы келбетин, алардын форма кийүү эрежелерин сакташын, кесиптик даярдыгы текшерилди.
Ошондой эле өздүк курамды көзөмөлдөгөн кураторлорго ИИМдин талаптарына ылайык, эң биринчи тартип жана мыйзамдуулукту сактоону, кызмат учурунда жарандар менен сылык мамиледе болууга, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуу-үйрөтүү иштерин жүргүзүүгө жана тажрыйбасы мол кызматкерлерден насаатчылыкты дайындоого жана жалпы жол унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмалары койулду.
