Тар дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы баланы издөө иштери уланууда
Бүгүн, 23-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Тар дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы баланы издөө үчүн жерине 10 куткаруучу чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Издөө ишинен азырынча натыйжа жок
Белгилей кетсек, Ой-Тал айыл аймагына караштуу Көндүк-Чаты тилкесиндеги Тар дарыясына 2017-жылы туулган Т.Э. аттуу жаш бала 20-апрель күнү түшүп кеткен.
Кошумча маалымат берилет.
