Баткенде тергөөчүгө пара сунуштаган жаран кармалды
Баткен районунда тергөөчүгө пара сунуштаган жаран кармалды, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 3-декабрында Баткен районунун тургуну 1965-жылы туулган М.Б. аттуу жаран өзүнүн пайдасына мыйзамсыз чечим чыгаруу үчүн Баткен РИИБдин тергөөчүсүнө 4000 (төрт миң) АКШ доллар акча каражатын сунуштагандыгы аныкталган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери жана УКМКнын кызматкелери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында М.Б. аттуу жаран пара катарында алып келген 4000 АКШ долларын тергөөчүгө берип жаткан жеринен кармалган.
Азыркы учурда М.Б., аттуу жаран Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүүлүүдө.
Жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.
