Бахадыр Конуров БШКнын мүчөсү болуп дайындалды
19 март

Бахадыр Конуров БШКнын мүчөсү болуп дайындалды

Жогорку Кеңештин жыйынында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө Бахадыр Конуровдун талапкерлиги каралды.

Талапкер боюнча сунуштама жана маалыматты «Ишеним» парламенттик фракциясынын лидери Улугбек Ормонов берди.

Эл өкүлдөрү добуш берүүнүн жыйынтыгында Бахадыр Конуровдун талапкерлигин жактырып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн колдоп беришти.