Путиндин атынан БАМды курган төрт кыргызстандыкка медаль тапшырылды
27 сентябрь

Путиндин атынан БАМды курган төрт кыргызстандыкка медаль тапшырылды

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов РФнын президенти Владимир Путиндин атынан БАМды курган төрт кыргызстандыкка "Байкал-Амур магистралына 50 жыл" медалын тапшырды.

Элчиликтен кабарлашкандай, Валерий Новиков, Жумабай Мурзакматов, Азиз Фазылов жана Рустам Вахитов көп улуттуу совет элинин достугу жана эрдиги менен ажырагыс байланышта болгон легендарлуу темир жолдун курулушу боюнча өз окуяларын айтып беришкен.

Элчи Сергей Вакунов ири инфраструктуралык долбоордун курулушунун аякташына катышкан куруучулардын ар биринин салымы чоң экенин баса белгиледи.