Кыргызстан менен АКШ санариптик өнөктөштүктү күчөтүүдө
Бүгүн Санариптик өнүктүрүү министрлигинде АКШнын Элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Тараптар жасалма интеллектен баштап санариптик чечимдерге чейинки инновациялык технологияларды биргеликте өнүктүрүү талкууланды.
Ошондой эле жылдын эң ири санариптик окуясы - КИТ-2025 Форумуна даярдык көрүү маселеси каралды.
Жолугушууга IT-компаниялар менен Жогорку технологиялар паркынын өкүлдөрү катышышты.
