ЖК Равшанбек Сабировду эмгек министри кызматына дайындоого макулдук берди
5 декабрь

ЖК Равшанбек Сабировду эмгек министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңештин 5-декабрындагы жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Равшанбек Сабировду дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов министр кызматына талапкер тууралуу маалымат берип, КР Президентинин сунуштамасы менен тааныштырды.  

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Равшанбек Сабировду эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берди. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.