Төрага: Ала-Арчада 14 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушун Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы текшерүүдө
Ала-Арча капчыгайында 14 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушунун жагдайларын Башкы прокуратура, Аскер прокуратурасы жана атайын комиссия текшерүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, иликтөө аяктагандан кийин тиешелүү мамлекеттик органдар парламентке окуя боюнча толук маалымат бериши керек.
Маматалиев бул маселени Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында өзүнчө кароо же палатанын жалпы жыйынына алып чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.
Амир Кунакунов 7-ноябрда кечинде Адыгене чокусунан түшүп келе жатканда дайынсыз жоголгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өспүрүм саат 19:02де 112 кызматына чалып, адашып калганын билдирген. Геолокация аркылуу анын Электро чокусунун аймагында экени аныкталган.
Ал учурда «Эдельвейс» куткаруу тобу башка туристтерди эвакуациялоо үчүн Рацека алачыгынын аймагында болгон. Уюлдук байланыштын жоктугунан дайынсыз жоголгон өспүрүм тууралуу маалымат куткаруучуларга саат 22:00 чамасында гана жеткирилген.
Эвакуация иштеринин бир бөлүгү аяктагандан кийин топ экиге бөлүнгөн. Үч куткаруучу түнкү саат 00:00 чамасында Электро чокусун көздөй жөнөгөн.
Издөө иштери түнү бою, 8-ноябрда жана эртеси күнү уланган. Ага кошумча куткаруу бөлүктөрү тартылган.
9-ноябрда саат 16:00 чамасында Амир Кунакуновдун сөөгү Электро чокусунун аймагындагы таштардын арасынан табылган. ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, анын өлүмүнө катуу үшүп кетүү себеп болушу мүмкүн.
Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратты. Эми тергөө жана көзөмөл органдары издөө-куткаруу иштери канчалык ыкчам уюштурулганын жана мыйзам бузуу фактылары болгон-болбогонун аныкташы керек.
