Министр Жээнбек Кулубаев Алматыда өткөн БА мамлекеттеринин жана РФ ТИМнин сеггизинчи жыйынына катышты
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Алматы шаарында өткөн Борбордук Азия мамлекеттери менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлеринин Сегизинчи жолугушуусуна катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар 2022-жылдын октябрында өткөн Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Россия Федерациясынын биринчи Саммитинин алкагында жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы боюнча маселелерди талкуулашты.
Ж.Кулубаев алты тараптуу кызматташууну жогору баалап, жүк ташууларды өнүктүрүүгө жана эмгек мигранттарынын эркин жүрүшүнө тоскоол болгон чектөөлөрдү жана тоскоолдуктарды алып салуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.
