ИИМ Академиясынын окутуучусу эл аралык сынакта байгелүү орунду багындырды
КР ИИМ Академиясынын коомдук-саясий сабактар жана психология кафедрасынын улук окутуучусу, психология илимдеринин кандидаты, милициянын капитаны Айчүрөк Зайырбекова 2024-жылы «Илимий китеп» аттуу Эл аралык сынагында 3-орунду ээледи.
Ал «Кызматтык ишмердүүлүктүн психологиясы» аттуу аталышындагы номинациясында «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ички иштер органдарынын кызматкерлеринин инсандыгын коргоо механизмдеринин этнопсихологиялык өзгөчөлүктөрү» аттуу монографиясы менен оорунду ээлеген.
Аталган илимий сынакка Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктеш өлкөлөрүнүн билим берүү министирлигинин өкүлдөрү катышкан.
Белгилей кетсек, «Илимий китеп» сынагы Россия Федерациясынын ички иштер министрлигинин Башкаруу Академиясы тарабынан уюштурулуп, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын жайылтуу жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктеш өлкөлөрүнүн автордук жамааттарынын, илимий мектептеринин жана билим берүү министирлигинин ортосундагы чыгармачылык байланыштарды өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.
Илимий сынактын шарттарынын принципиалдуу критерийлери болуп илимий эмгектин актуалдуулугу, илимий жаңылык, тексттин жазылышынын практикалык мааниси жана оригиналдуулугу саналат. 2024-жылы "Илимий китеп" сынагына катышкан илимий эмгектер "купуя рецензиядан" өткөн.
