Жакында Бишкекке көчөдөгү карды тазалоо үчүн жаңы атайын техникалар келет
5 декабрь

Жакында Бишкекке көчөдөгү карды тазалоо үчүн жаңы атайын техникалар келет

Жакында Бишкекке көчөдөгү карды тазалоо үчүн жаңы атайын техникалар келет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Атайын техникалар 15-декабрга чейин келет, алардын катарында:

  • Кар жүктөгүч – 2 даана;
  • Таштанды ташуучу унаа – 31 даана;
  • Самосвал – 21 даана;
  • Грейфер жүктөгүч – 3 даана;
  • Кран-манипулятор – 1 даана;
  • Жабдуулары бар кичи жүктөгүчтөр – 2 даана;
  • Бириктирилген жол унаасы – 20 даана;
  • Сугат унаасы – 2 даана бар.

Мэриядан “Тазалык” муниципалдык ишканасы кышка даяр экендигин кошумчалашты.