Эркеайым Сейтказиева Ысык-Ата районунун акими болуп дайындалды
19 март

Эркеайым Сейтказиева Ысык-Ата районунун акими болуп дайындалды

Эркеайым Сейтказиева Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. 

"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Сейтказиева Эркеайым Алымовна Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.