Ош шаарында жаңы аллея ачылды
14 октябрь

Ош шаарында жаңы аллея ачылды

Ош шаарынын Алымбек датка жана Нурматов көчөлөрүнүн кесилишине жаңы аллея курулуп, 13-октябрда ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аллеяны мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов аксакалдар, жашоочулар менен биргеликте ачып беришти.

Эскерте кетсек, Токтогул эс алуу багынын четиндеги бул аллеянын ордунда мурда кафе болгон.