Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
11 апрель

Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку сотто төрага Медербек Сатыевдин катышуусунда президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов жана Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары депутаты Карим Ханджеза Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы судьялары Нурбек Эсеналиев менен Бакыт Усубалиевди жалпы жамаатка тааныштырды.

Белгилүү болгондой, кечээ 2025-жылдын 10-апрелинде, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Нурбек Эсеналиев менен Бакыт Усубалиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына дайындоого макулдук беришип, судьялар ант беришкен. Жаңы судьялар курагынын чегине жеткенге чейин шайланышты.

Жогорку сотко эки жаңы судьянын дайындалышы менен судьялардын жалпы саны 35ке жетти. Ошентип, өлкөнүн жогорку сот органындагы судьялар корпусу толук курамда болду.

Жаңы судьяларга кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтер айтылып, жамаатка жогорку квалификациялуу, компетенттүү жана өз ишине берилген адистер келгендиги кошумчаланды.