Султанбай Айжигитов Динара Ашимовадан буга чейин кабыл алган чечимин жокко чыгарууну талап кылды
Депутат Султанбай Айжигитов парламент жыйынында «Ыйман нуру» фракциясынын лидери тарабынан мыйзам бузуу болгонун айтты.
Эске салсак, Айжигитов кыргы-тажик чек арасын чечүү келишими боюнча пикирин билдиргенден кийин «Ыйман нуру» фракциясынан чыгарылган. Андан соң фракциядан чыгарылышы боюнча билдирүү жасаарын айтып, парламент жыйынында 10 мүнөт убакыт сураган. Бирок анын суранычы эки жолу четке кагылган.
Ошондуктан, Айжигитов билдирүүсүн Айжигитов парламенттин депутатынын кепилдиги жана көз карандысыздыгы Конституция, Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттардын статусу жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин коргоосунда экенин эске салуу менен баштады.
Ал Жогорку Кеңештин депутатын шылдыңдоо жана ага карата жалган жалаа жабуу, депутаттык ишмердүүлүгү тууралуу бурмаланган маалыматтарды таратуу орун алса, айыптуу тарап КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаарын белгиледи.
«2025-жылдын 5-мартындагы жалпы жыйында мен жаран, аксакал, ЖК депутаты катары мени шайлаган шайлоочуларымдын ишенимин актап, баарыбызга белгилүү келишим боюнча пикиримди билдирдим, бул фракциянын позициясы эмес болчу. Буга байланыштуу «Ыйман нуру» фракциясынын лидери Динара Ашимова фракциянын шашылыш жыйынын чакыртып, Айжигитов билдирүүсүн алдын ала фракция менен макулдашкан эмес деген жүйө менен, фракцияны жаман абалга кептеди деп айыптап, ошол эле маалда кандай жаман абал экенин ачыктабай туруп, Айжигитовду фракциядан чыгарууну сунуштады. Ашимова, Раимбачаева, Айдаралиев «макул» деген добуш беришти, а Мамасадыков карманды. Мен «каршы» добуш бердим. Мында, белгилей кетчү нерсе, депутаттын ишмердүүлүгүн жөнгө салчу бир дагы документте депутат билдирүүсүн алдын ала фракция менен кеңешиши керек деген милдеттенме жок. Бир гана фракция эмес, фракциянын депутаты дагы көз карашын билдирүү үчүн он мүнөт убакыт колдоно алат», – деди Айжигитов.
Андан ары лидер Ашимова ыйгарым укуктары болбой туруп, фракциядан депутатты чыгаруу жана анын көз карашына үстөмдүк кылуу менен алдын ала ойлонуштурулган кылмыш жасаганын, өзүнүн ыйгарым укуктарын ашыкча колдонуп жибергенин белгиледи.
Айжигитов белгилегендей, Ашимованын бул кылыгы Кылмыш кодексинин 338-беренесинин 3-бөлүгүнө туура келет. Анда айыптуу 10 миң сомдон 20 миң сомго айыпка жыгылат же 5 жылдан 7 жылга чейин үй-мүлкүн конфискация кылуу менен эркинен ажыратылат. Же кайсы бир ишмердүүлүк менен алектенүүгө үч жылга чейин тыюу салынат.
«Мындан тышкары Ашимова кызматтык абалынан пайдаланып, кызматтык жасалмачылык менен алектенип жатканын анын орун басары Мамасадыков да ырастай алат. Жогоруда айтылгандардын негизинде мен «Ыйман нурунун» мыйзамсыз чечимин жокко чыгарууну, Ашимованын эл алдында кечирим суроосун, анын фракция лидерлиги ыйгарым укугун өз эрки менен тапшыруусун талап кылам», – деген Султанбай Айжигитов болбосо, бул талаптар Башкы прокуратура тарабынан ишке ашырылаарын билдирди.
