Саламаттык сактоо министри балдарды кызамыкка каршы эмдөөгө чакырды
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ата-энелерге кайрылып, балдарды эмдөөгө чакырды.
Министрдин кайрылуусу:
«Урматтуу мекендештер!
Бүгүн мен сиздерге өтө маанилүү маселе боюнча кайрылып жатам. Азыркы убакытта балдарыбызды кызамыктан коргоо керек. Бул кооптуу илдет, ал олуттуу көйгөйлөргө жана өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн.
Бирок бизде натыйжалуу коргонуу ыкмасы бар – бул эмдөө. Ал коопсуз жана дүйнө жүзү боюнча өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген ыкма.
Эмдөөнүн натыйжасында биз балдарыбызга дени сак жана бактылуу жашоого мүмкүнчүлүк бере алабыз.
Тилекке каршы, эмдөөдөн баш тартуу кызамыктын жайылып кетишине алып келиши мүмкүн.
Биз буга чейин өлкөбүздө мындай учурлардын катталганына күбө болдук.
Мен бардык ата-энелерге кайрылам – балдарыңарга кам көрүңүздөр! Жакынкы Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, кызамыкка каршы эмдөө алыңыздар. Биз биргеликте гана кооптуу илдеттин алдын алып, келечек муундун саламаттыгын сактай алабыз!
Ден соолукта болуңуздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!» – деди министр өз кайрылуусунда.
